Бир мандаттуу Жалал-Абад шайлоо округунда кайра шайлоо дайындалат. Мунун себебин БШК төмөндөгүчө түшүндүрүп берди.

Эгерде кайсы бир округда жеңген талапкер (Шаирбек Ташиев – ред.) мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, президент жети күндүн ичинде ал жерде кайра шайлоо өткөрүүнү жарыялайт жана БШК даярдык иштерин баштайт.

Ведомстводон кайталап шайлоодо шайлоо өнөктүгүнүн бардык мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарып жатканын тактады. Алдын ала маалыматтар боюнча, добуш берүүгө 5-6 миллион сом керектелет. Мандаттан өткөн эл өкүлү жарышка катыша албайт. Талапкерлердин саны чектелбейт.

Эске салсак, бир күн мурун УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында анын иниси Шаирбек Ташиев жакынкы күндөрү депутаттык мандатын тапшырарын билдирген.