Коом

Кыргызстанда 42миң адам коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сайдырды

Кыргызстанда 42миң адам коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сайдырды. Маалыматты Электрондук саламаттык сактоо борбору билдирген.
Үчүнчү доза алгандардын басымдуусун 60жаштан жогорку жарандар түзөт. Бул категроиядагы 10 миңден ашык адам алган. Андан кийин билим берүү мекемелериндеги 6миңден ашык педагог эмделген.
Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлер, өнөкөт оорусу барлар,күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана жогорку окуу жайдын студенттери вакцинанын үчүнчү компоненти менен эмделген. Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы 20-декабрдан баштап сайыла баштаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button