2022-жылдын 27-январы саат 20.30 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында абал чыңалуу бойдон. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.
Жеринде ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде, ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө.
Учурда чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.
Чыр чатак орун алган аймактан элдерди коопсуз жайларга көчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп,чек аралаш аймактан азыркы учурда коопсуз жайга чыгарылууда.
Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.
Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.
Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19.30 карата жол каттамы ачылган.
Бирок кайра эле саат 19.35 чамасында кырдаал курчуп тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда.
Тажик тарап минамет жана гранатомётторду колдонууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы