Төө-Ашуу ашуусуна жана Суусамыр өрөөнүнө кар жаады, жолдор тайгак. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
“Кырсыктарды болтурбоо үчүн трассада бара жаткан айдоочулардан ылдамдыкты сактоону, каршы тилкеге чыкпоону суранабыз. Ошондой эле унаалардын ортосундагы аралыкты сактап, маршрутту алдын ала пландаштыруу сунушталат”, — деп айтылат маалыматта.