Коом

Жогорку Кеңештин тармактык комитети чек ара маселесин жабык эшик артында карап жатышат

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети чек ара маселесин жабык эшик артында карап жатат.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү чек ара маселесин жабык эшик артында кароону сунуштады. Анын айтымында, купуя сыр бар болгон үчүн маселе жабык эшик артында каралышы керек.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан сунуш колдоо тапты.

Мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесинде 27-январда болгон чыр-чатак жөнүндө маалымат угулат. Ошону менен катар эле чек ара боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышы каралууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button