Коом

Экоактивисттер Президент Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылды

2022-жылдын 1-февралында Жаштардын Демилге Борбору коомдук бирикмесине караштуу Табият проектисинин жетекчиси Ырысбек кызы Канышай тарабынан «Аңчылыкты токтот» аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Конференцияда Кыргызстандын аймагындагы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрү , экологиялык абалдын актуалдуу маселелери тууралуу талкууланды.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Э.Т.Токтошев, «Жашыл энергетика» коомдук фондунун төрайымы Анаркүл Султангазиева, жаратылышты коргоочу активисттер жана башкалар катышты.

Катышуучулардын көпчүлүгү конференциянын темасынын жана анын алкагында каралган маселелердин актуалдуулугун белгилешти. Конференцияга 50гө жакын адам катышып, 10дон ашык докладдар окулду.

Конференцияда талкуулоонун жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды.

1. Марко Поло, Элик, Кабан сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылуу токтотуу;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 «Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомун кароо жана аңчылыкты пайдалануучуларга аңчылык квоталарын бөлүүнү кыскартууну карап чыгуу;

3. Мыйзамсыз атуулар болсо, экологияга келтирилген зыян үчүн айыпты үч эселеп, 1 миллион сомго чейин көтөрүү;
4. Аңчылык чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууга жооптуу мамлекеттик кызматкерлердин көңүлүн буруу максатында, резолюцияны Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго, көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровго жөнөтүлсүн.

Катышуучулар иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, уюштуруу комитетине Кыргызстандагы экологиялык абал боюнча конференцияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну айтышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button