Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясы 201 адамдан аныкталды, анын ичинен 6 дарыгер. 5 жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкекте 104, Ошто 10, Чүй облусунда 36, Ошто 2, Таласта 3, Нарында 2, Ысык-Көлдө 22, Жалал-Абадда 10, Баткенде 12 адамдан коронавирус аныкталган.
Каза болгондор Бишкек шаарында үчөө, Талас жана Ысык-Көл облустарында– бирден өлүм катталды. Бейтаптар эмдөөдөн өткөн эмес.
2020-жылдын март айынан бери расмий маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирустан 2889 адам каза болгон.