Саясат

Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагалыгына талапкерлер көрсөтүлдү

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагалык кызматына талапкерлерди карады.

Маалым болгондой, Соттор кеңеши буга чейин президентке Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштаган.

Аларды Жогорку Кеңештин комитети жактырып, парламенттин кароосуна алып чыкты.

Эмил Өскөнбаев буга чейин өлкөнүн конституциялык органында иштеп келген. Ал Конституциялык палатанын 11 судьясынын ичинен президент Алмазбек Атамбаев сунуштаган, кийинчерээк Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан жалгыз адам болгон.

Буга чейин Сотторду тандоо кеңешин Замирбек Базарбеков жетектеп, Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон. 2020-жылдын декабрында Президенттин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Эске салсак, 31-январда Жогорк соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кеткен. Бир күн мурун депутаттар президент Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеевдин отставкасын кабыл алышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button