Кыргызгидромет борбору 3-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 3-февралда эртең менен жана күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -2…+3, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2…+7, Нарын облусунда -2…-7 градус болот.

Бишкекте эртең менен жана күндүз жамгыр, кар жаайт. Абанын температурасы 0… +2 градус болору күтүлөт.