Коом

ИИМ: Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерине ыраазычылыгын билдирди

Милициянын биримдиктүү, натыйжалуу жана сапаттуу иши менен мамлекеттин туруктуулугу, адамдардын бейпилдиги, коомдук коопсуздук бекем сактала тургандыгын терең түшүнүшүбүз зарыл.
Милициянын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул элдин милицияга болгон ишеними. Аны тартип сакчылары күжүрмөн жана мыйзам чегиндеги эмгеги менен көрсөтүшү керек.
Анын сыңарындай, жакында ички иштер министри Улан Ниязбековдун атына Бишкек шаарынын тургуну Замира Кадыровадан өз убагында жардам көрсөткөн ИИМдин кызматкерине ыраазычылык билдирген кат келген.
«Урматтуу Улан Омоканович! Кыргыз Республикасынын ИИМнин Пенсия бөлүмүнүн башчысына жана анын жамаатына 2021-жылы каза болгон жолдошум милициянын подполковниги К. Кадыровдун тиешелүү иш-кагаздарын даярдоого жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. Биз Ички иштер министрлигинин пенсия бөлүмүнүн башчысы Лидия аттуу милициянын подполковниги тарабынан документтерди өз убагында жана сабаттуу даярдап, бизге жасаган мамилеси үчүн абдан кубандык. Анын кесипкөйлүүлүгү жана ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы керектүү документтерди тез арада даярдоого мүмкүндүк берди.
Мен сыяктуу жөнөкөй жарандарга көрсөткөн сылыктыгын дагы бир жолу белгилегим келет. Кызмат учурунда каза болгон К.М. Кадыровдун балдарынын атынан жана өзүмдүн атыман ага чоң ыраазычылык билдирем”, — деп ыраазычылыгын айткан жараныбыз Замира Кадырова.
Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин иши жөнүндө коомчулуктун бардык ой-пикирин жогору баалайт жана кол алдындагы кызматкерлеринин дарегине айтылган жылуу сөздөргө терең ыраазычылыгын билдирет.
Ошону менен бирге ИИМдин жетекчилиги ар бир милиция кызматкеринен өзүнө тапшырылган иштерди так жана кынтыксыз аткарууну, жарандарга үлгүлүү мамиле кылууну жана коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулуктун бетин ачууда мыйзам чегинде гана иш алып барууну дайыма талап кылат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button