Коом

Сокулукта ооруканага түшкөн эки жашар бала апасы тарабынан сабалган

Сокулукта ооруканага түшкөн 2 жашар бала апасы тарабынан сабалган. Бул тууралуу Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору билдирди.

Маалыматка ылайык, баланы ооруканага атасы алып келген.

“Бала оорукананын реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Сокулук райондук милициясына күн мурун саат 21:30дар чамасында ооруканага эки жаштагы К.Е. аттуу бала түшкөнү тууралуу маалымат келген.

Аталган факты боюнча текшерүү башталган.

Баланын денесине келтирилген жаракаттын бардык жагдайлары аныкталды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Териштирүү иштери уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button