Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, бүгүн, 6-февралда Бишкекке кайтып келди.