Бишкектин батыш тарабына кире берген жерде жашыл аймак пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Возможно, это изображение (6 человек и на открытом воздухе)

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын жыйынтыгында Бишкек шаарына каражат бөлүү макулдашылган.

Возможно, это изображение (3 человека, на открытом воздухе и дерево)

«Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Бишкектин батыш тарабындагы кире беришин көрктөндүрүү үчүн 600 миң юань (дээрлик 8 миллион сом) бөлдү. Бул акчага сквер курулуп, Дэн Сяопин проспектисинин Алыкуловдон Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү жашылдандырылат», — деп айтылат маалыматта.

Возможно, это изображение (на открытом воздухе и дерево)

Эске салсак, 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек менен Циндао шаарларынын ортосунда туугандык байланыш түзүү боюнча меморандум кабыл алынган.

Возможно, это изображение (1 человек, дерево и на открытом воздухе)