Бүгүн маалымат жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев күтүүсүздөн барып соттук отурумдарга катышуу ниети бар экенин билдирди.

Анын айтымында, 20-февралдан тарта облустук жана райондук прокурорлор жергиликтүү соттордо мамлекеттик айыптоочулардын ишин текшерет.

«Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча иштерге райондун, облустун прокурорлору катышып жатат. Мен жана башка көзөмөлдөөчү органдардын мүчөлөрү сот отурумдарына күтүүсүздөн катышабыз. Процесстерге катышып жаткан мамлекеттик айыптоочулар бул иш менен канчалык тааныш экенин жетекчилер билиши керек. Сиз анын эмне кылып жатканын билишиңиз керек — чындап эле катышып же уктап жатат. Мындан тышкары, мындай текшерүүлөр сот системасын көзөмөлдөө үчүн зарыл», — деди Курманкул Зулушев.