Саясат
Мадумаровго байланыштуу түзүлгөн комиссиянын курамы
Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга уруксат сурап Жогорку Кеңешке кайрылды.
Депутаттар 10-февралдагы жыйында комиссия түзүү чечимин кабыл алышты.
Комиссиянын курамы:
— «Ата Журт — Кыргызстан» фракциясынан Айбек Осмонов;
— «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Исхак Масалиев;
— «Ынтымак» фракциясынан Мурадил Сыдыков;
— «Ишеним» фракциясынан Бахридин Шабазов;
— «Ыйман Нуру» фракциясынан Динара Ашимова;
— «Народная» депутаттар тобунан Аманкан Кенжебаев;
— «Альянс» фракциясынан Азамат Исраилов.
Комиссия түзүү туралуу добуш берүүгө 73 депутат катышып, алардын ичинен бири каршы чыкты.
Ал эми каттоодон жалпы 80 депутат өткөн.