Коом

Ариф Али KICB банкынын башкармалыгынын төрагасы болду

«Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» (KICB) жабык акционердик коомунун башкармалыгына 2022-жылдын 1-февралынан тарта жаңы төрага келди.

Директорлор кеңеши бул кызматка Ариф Алинин талапкерлигин колдоду.
Банктын маалыматы боюнча, Ариф Али Европада, Жакынкы Чыгышта жана Түштүк Азияда банк тармагында 35 жылдык тажрыйба топтогон. Анын ичинен 20 жылдан ашуун убакыт башкармалыктардын башчысы катары эмгектенген.

Буга чейин, KICB банкынын башкармалыгынын төрагасы болуп 2021-жылдын февралынан бери Алиев Бектур Кубанычбекович эмгектенип
келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button