Коом

Статистика. Бишкекте жумушсуз жүргөн жарандардын саны айтылды

 

2022-жылдын алгачкы айларына карата Бишкекте жумушсуз жүргөн 6 004 адам катталды. Бул тууралуу Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан маалымдашты.

Бул көрсөткүч расмий катталгандардын саны. Башкача айтканда,  Бишкектин иш менен камсыз кылуу боюнча кызматына каттоого турган жарандар гана айтылууда.

Маалыматка караганда, жумушсуз жүргөндөрдүн 62 пайызы аялдар болсо, 38 пайызы эркектер.

Жаш курактар боюнча:

  • 16-28 жашка чейин — 23 пайыз;
  • 29-44 жашка чейин — 48 пайыз;
  • 45-54 жашка чейин — 21 пайыз;
  • 55 жаштан өйдө — 8 пайыз.

Буга чейин борбор калаада жумушсуз жүргөндөр үчүн кесипке үйрөтүүчү акысыз курстар бар экендиги айтылып, алардын телефон номерлери жарыяланган.

Окутуу 60тан ашык адистик боюнча сунушталган.

Арыз берүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • паспорт;
  • билими тууралуу документ;
  • эмгек китепчеси (эгер болсо).

Курста окуп жатканда стипендия берилет жана бүткөндө сертификат ыйгарылат.

Кайда кайрылуу керек (телефон номери жана дареги):

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы: Токтогул көчөсү, 237, (0312) 65-58-68;

Октябрь районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү: Токтогул көчөсү, 43, (0312) 68-02-04;

Ленин районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү: Бөкөнбаев көчөсү, 99, (0312) 30-36-96;

Свердлов районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү: Токтогул көчөсү, 43, (0312) 43-47-49;

Биринчи май районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү: Бөкөнбаев көчөсү, 99, (0312) 30-37-48.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button