Саясат

Президент Жапаров автобус кураштыруучу алгачкы ата мекендик ишканага барды

Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысына жүргүнчү ташыган «Белес» автобусун иштеп чыгуу долбоору менен алектенген компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

«Белес.kg» ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодун берген «SAE» (АКШ) автоунаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, бул өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр менен тыгыз байланыш түзүлүп, DAF Components (Нидерланд), ZF Friedrichshafen AG (Германия), НПП ИТЭЛМА (Россия) жана SSAB (Швеция) чет элдик компаниялар менен тетиктерди алууга келишимдер түзүлдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, нөлдөн баштап, толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, ошондуктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.

Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады.

Жакынкы күндөрү үлгү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргызстандын сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда.

Дүйнөдө экологияга зыян келтирбеген транспорттун актуалдуулугун жана Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча учурдагы кырдаалды эске алуу менен компания кезектеги сыноодогу үлгүсүн электр кыймылдаткычы менен чыгарууну чечти.

«Beles.kg» өкүлдөрү белгилегендей, долбоор ички жана тышкы рынокко багытталган ата мекендик автоиндустрияны түзүүгө багытталган. Бул өндүрүш тектеш тармактарды тартуу жана өлкөдө кошумча жумуш орундарын түзүү менен мультипликативдик натыйжа берет деп болжолдонууда.

Биринчи ата мекендик автобусту Садыр Жапаров өзү рулга отуруп сынап көрдү. Ал жүргүнчүлөр үчүн сапат, коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча бардык заманбап талаптарга жооп берген ишенимдүү автобустарды чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкөдөгү бир катар социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечерин баса белгиледи.

Компания кум ташууга ылайыкташтырылган контейнерлерди ташуу үчүн жарты прицептердин үлгүлөрүн жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус чыгара алды.

Бүгүнкү күндө жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустун (троллейбус) үлгүлөрү жана чиркөөчтүн жаңы түрү сыноодо.

Автоунаа тетиктери чет өлкөлүк өнөктөштөр — DAF Components (Нидерланд), ZF Friedrichshafen AG (Германия), NPP ITELMA (Россия) жана SSAB (Швеция) сатылып алынат.

Компаниянын өкүлдөрү бул долбоор ички жана тышкы рынокто сатуу пландалып жаткан автоунаалардын ата мекендик өндүрүшүн түзүүгө багытталганын жана тектеш тармактарды иштетүү аркылуу Кыргызстанда көптөгөн кошумча жумуш орундарын түзөрүн белгилешти. Ата мекендик автоиндустриянын дагы бир маанилүү жагы — өнөр жай унааларын техникалык жана гарантиялык тейлөөсү.

Президент Садыр Жапаров атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканада чыгарылган 10 автобустун алгачкы партиясын сатып аларын белгиледи. Бул унаалар ийгиликтүү иштетилген учурда завод менен туруктуу негизде кызматташуу маселеси каралат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button