Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, иш сапары менен Чүй облусуна барды, — деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун жана Профсоюзная көчөсү боюнча айланма жолду реконструкциялоо жана куруу долбоорлору менен таанышты.

Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине унаа транспорттордун үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу максатында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү жана Бишкектин түндүк айланма жолунун жана Профсоюзная көчөсүн бойлой айланып өтүүчү жолдун курулуш долбоорунун ишин тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Президент арматура чыгарууга адистешкен «Азия Сталь» ЖЧКсына барды.

Мамлекет башчысына Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен ушул жылдын февралында ишке кирген өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Арматураларды чыгаруучу заводдун ишке киргизилиши курулуш материалдарынын — арматуранын өздүк наркынын импорттук арматурага салыштырмалуу 10%га чейин төмөндөшүнө шарт түзөт.

Ишканада буга чейин электроэнергиясы боюнча көйгөйлөр болгонун эске алуу менен, Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга бул сыяктуу ишканалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону улантууну тапшырды.

Ушул эле күнү ал ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген “Белес.kg” ЖЧК ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишканада автобустарды толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, андыктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.

Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады.

Иш сапарынын соңунда мамлекет башчысы өлкөдөгү тоо-кен ишканалары жана цемент заводдору менен иштешип, тегирмендердин, майдалоочу жабдыктардын, мештерди жана автоунаалардын тетиктерин чыгарып келе жаткан “Вулкан плюс” ЖЧК ири куюучу ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананы көрүү учурунда Садыр Жапаров “Вулкан Плюс” ЖЧКсынын тоо-кен таштарын майдалоочу шарларды жана металл буюмдарды куюучу линиясынын курулушу үчүн капсула салды.