Коом

Байге фонду млн сом. Маалымат каражаттарынын арасында сынак жарыяланды

 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлорунун арасында байге фонду миллион сомду түзгөн сынак жарыялады.

Сынакка жөнөтүлгөн берүү, уктуруу, макала Кыргызстандын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын мыкты чагылдырышы шарт. Сыйлыктар төмөнкү номинациялар боюнча каралат:

— Мыкты телепрограмма/телеберүү;

— Мыкты радиоберүү/тематикалык берүүлөрдүн сериясы;

— Мыкты макала/басылмалардагы макалалар сериясы;

— Мыкты макала/электрондук ЖМКдагы жарыялоолор сериясы;

— Мыкты жарыялоо/социалдык медиадагы жарыялоолор, роликтер сериясы («Facebook», «Instagram», «YouTube»).

Эмгектер сынак жарыяланган күндөн тартып 30-апрелге чейин Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегине же [email protected] электрондук почтасына жөнөтүлүүгө тийиш. Жыйынтык 20-майга чейин чыгарылат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button