Саясат

Жогорку Кеңеш Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады.

Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Чыңгыз Айдарбеков мамлекеттин өнүгүүсү билим берүүнүн сапатынан көз каранды экенин белгиледи. Анын айтымында, билим берүү тармагындагы бардык мыйзамдарды талдап, учурдун талабына жооп берген документти иштеп чыгуу, билим берүү мекемелерин аккредитациялоо жана лицензиялоо процедурасын жөнөкөйлөтүү зарыл. Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер билим берүү жөнүндө мыйзам долбоору коомчулуктун кеңири талкуусунан өтөрүн айтты.

Депутат Чыңгыз Ажибаев Билим берүү жана илим министрлиги мектеп программасын кайра карап чыгышы керектигин белгиледи. Депутат Нурбек Алимбеков тармактык министрлик ар бир облуста мектеп куруу зарылдыгын талдап, ошонун негизинде билим берүү мекемелеринин курулушун пландоо керектигин белгиледи. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесин депутат Алтынбек Сулайманов да көтөрдү.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button