Коом

Саламаттыкты сактоо министрлиги жабылышы пландалган медициналык окуу жайлардын тизмесин сунуштады

Саламаттыкты сактоо министрлиги жабылышы пландалган медициналык жогорку окуу жайлардын тизмеси менен тааныштырды.

Тизмеге 17 жеке менчик билим берүү мекемелери кирет:

  1. ADAM университети (BAFE)
  2. Эл аралык «Ала-Тоо» университети
  3. «Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту»
  4. Эл аралык медицина мектеби
  5. «Кыргызстан Эл аралык Университети» ЭПК
  6. «Салымбеков атындагы университет» мекемеси
  7. HPE окуу жайы – «Авиценна» Эл аралык медициналык институту
  8. ЕБ Эл аралык медициналык университети
  9. Эл аралык медициналык университет
  10. Роэл Метрополитен университети
  11. «АВС» Академиясы ЖЧКсы
  12. Эл аралык медицина жана илим университети
  13. Эл аралык илим жана бизнес университети
  14. «Бишкек эл аралык медициналык институту» мекемеси
  15. Илим-изилдее медициналык-социалдык институту
  16. Кыргызстан медицина-стоматологиялык институту
  17. Ош Эл аралык медициналык университети

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда медициналык билим ала турган 3 мамлекеттик университет бар:

— Ахунбаев атындагы медициналык академиясы,

— Кыргыз-орус Славян университети,

—  Ош мамлекеттик университети.

Бирок бир катар ЖМКлар Саламаттыкты сактоо министрлиги ЖОЖдорду өз алдынча жаба албайт жана алардын ишмердүүлүгүнө лицензия Билим берүү министрлиги тарабынан берилээрин жазып чыгышты. Бул маселе боюнча саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буларга токтолду:

«- Билим берүү министрлиги саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксатысыз медициналык факультеттерге лицензия бере албайт. Клиникалык базага уруксат беребиз. Азыр биз 17 ЖОЖго кат жөнөттүк, 1-апрелге чейин алар комиссияга клиникалык базасы, ооруканасы жана керектүү нерселери бар экенин далилдеп бериши керек. Ошондо лицензия иштейт, иштебесе кайра чакыртып алабыз», — деген.

Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык билим берген 17 жеке менчик билим берүү уюму жабыла турганын билдирген. Ар бир университеттин, институттун ишмердүүлүгүн жеке өзү текшерип, талапка жооп берген мекемелер гана ишин уланта берерин билдирди.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button