Коом

Улан Ниязбеков: Элге кызмат көрсөтүүдө ыкчамдык, калыстык жана чечкиндүүлүк башкы орунда болушу керек

Коллегияда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, ички иликтөө кызматынын, тергөө кызматынын, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Баткен, Нарын жана  Чүй облустарынын коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү толугу менен катуу электен өткөрүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кылмыш бетин ачуудагы кемчиликтери жана алдын алуу иштери начар жүргүзүлүп жаткандыгын айтып ички иштер органдарынын жер-жерлердеги милициянын башчылары тарабынан кемчиликтерди тез  арада жоюу тапшырмалары берилди. Ошондой эле иш кагаздарын электрондук форматка өткөрүүнүн тартиби тууралуу Катчылыктын начальниги Абдиш Коомбаевдин ишмердүүлүгү талкууга алынып тез арада бул багытта ыкчам иштерди жүргүзүү керектиги белгиленди.

Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков элдин коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу ички иштер органдарынын негизги милдети экенин билдирди.

“Коомчулукту ар түрдүү коркунучтардан, жагымсыз жана жат окуялардан коргоп, элге жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү ар бир милиция формасын кийген кызматкердин ыйык парзы.

Анткени, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү коопсуздуктан көз каранды.

Коопсуздук иштерин иш жүзүнө ашырып, элге кызмат кылууну жакшыртуу үчүн өткөн жылы бардык ички иштер органдарында элди кабыл алууга, жарандарды тейлөөгө, ар түрдүү кылмыштарга жана окуяларга кабылган жарандарга жардам берүүгө жана ыкчам күжүрмөн кызматтык ишмердикти аткарууга тиешелүү шарттар түзүлдү.

Бүгүнкү күнгө чейин, милиция кызматы кылмыштуулук катталып же окуя орун алгандан кийин анын кесепети менен жумуш жүргүзүп келген болсо, былтыркы жылдан баштап кылмыштуулукту алдын алуу, элге жат көрүнгөн окуяларга бөгөт коюу иштерин аткарууга жетиштик.

Мындан ары, бул иштер улантылып, санариптик багытта кылмыштуулукка каршы күрөшүү ыкмасы күчөтүлүп, ким гана болбосун анын укугу корголуп, социалдык жана башка даражасына карабастан өз учурунда жардам көрсөтүлөт.

Ошого байланыштуу, жарандардын арыз-билдирүүлөрү боюнча калыс тергөө тармагын калыптандыруу үчүн, бүгүнкү күндөгү реалдуу турмушка шайкеш келген жаңы кодекстер иштелип чыкты.

Кызматкерлерди жана күч-каражаттарды туура пайдалануу үчүн, реформанын алкагында Ички иштер министрлигинин жана жер-жердеги ички иштер башкармалыктарынын борбордук аппараттарында оптималдаштыруу иштерин жүргүздүк.

Жыйынтыгы менен коомчулук арасындагы укук бузууларды алдын алуу үчүн аймактардын картасын иштеп чыгып, участкалык инспекторлорду 2 миң 435 участокко бөлдүк.

Анын ичинде, Бишкек жана Ош шаарларынын кызматкерлери жаңы формалык кийим, планшеттер, боди камералар менен камсыздалышты. Калган региондордогу кызматкерлерге жылдын аягына чейин камсыздоону ишке ашырууну пландап жатабыз. Бирок, аймактагы коопсуздукту бир участкалык инспектор толугу менен көзөмөлдөөсү мүмкүн эмес, ошондуктан жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта иш алып барыңыздар.

Элге жардам көрсөтүп, коомчулуктун арыз-муңун өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечип берүү эң биринчи артыкчылык экендигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Мындан ары милицияга карата элдин сын-пикирлери орун алса же кайсы бир жарандын маселеси өз учурунда чечилбей создуктурулуп, милицияда жок жасалма бюрократиялык абал түзүлсө, анда ошол жердеги биринчи жетекчи катуу тартиптик жазага кириптер болот.

Элге ачык болуп, абийирдүүлүк менен мамиле жасап, суроо талаптарын жеринде чечип, нааразычылыгын эмес, ыраазычылыгын жараткан абалда иш алып барыңыздар.

Кабинеттен сыртка чыгып, элге жолугуп, шаар-район жана айыл-кыштактарды кыдырып, кылмыштуулукту алдын алуу, ар түрдүү окуяларга бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүү милдетин жүктөйм.

Кенже курамдагы кызматкерден баштап, жогорку наамдагы ар бир кызматкердин жүрөгүндө — эл үчүн аракет жасап, иш алып барууга милдеттүүмүн деген ой турушу керек.

Быйылкы жылы, эл аралык кызматташтыкты чыңдап, былтыркыга караганда дагы көптөгөн макулдашуулардын алкагында, ишмердикти өнүктүрүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып барабыз.

Биз бүгүнкү күндө санарип багытында интеграциялык процесстерди ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул тармак боюнча бардык жетекчилер иш алып барып, ушул жылы элдин коопсуздугун камсыздоонун заманбап жаңы баскычтарына өтүшүбүз зарыл.

Ал үчүн тиешелүү министрликтер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдар менен элдин коопсуздугун камсыздоонун жаңы ыкмаларын ишке киргизүү боюнча биргелешкен иш алып баруу форматына өтүүнү көздөп турабыз.

“Иретсиз иште ийгилик болбойт” дегендей, алдыга коюлган иштерди ырааты менен турмушка ашырабыз.

Жарандарды жол кырсыктарынан сактоо, коомчулуктун социалдык турмуш-тиричилик абалына терс таасирин тийгизген кылмыштарды болтурбоо, жаш өспүрүмдөрдү, ден соолугу чектелген адамдарды, аялдарды жана кары-картаңдарды кылмыштуу кол салуулардан коргоо боюнча иштерди күчөтөбүз.

Аталган багыттарды алып баруу үчүн ички иштер органдарынын турмушундагы ишмердиктин чөйрөсүндө маанилүү реформаларды турмушка ашырабыз деп белгилеп кетмекчимин.

Башка өлкөлөрдүн ички иштер органдарындагы жетишкендиктерине суктанбастан, өзүбүз башкаларды суктандыра турган абалга жетишибиз керек.

Элге кызмат көрсөтүүдө ыкчамдык, калыстык жана чечкиндүүлүк багыттарын күчөтүү боюнча кемчиликтер орун албашы керек.

Ар түрдүү кылмыштардан жана окуялардан жабыр тартып кайрылган карапайым калк жабыр тартканы аз келгенсип кызматкерлердин көңүл коштугунан, кенебестигинен жана өз милдеттерин аткарбагандыгынан жабыр тартпашы керек.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button