Кыргызстандын элчилиги Украинада болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып турат жана Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Киевде аккредиттелген чет мамлекеттердин элчиликтери менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча маселелерди иштеп чыгуу үчүн түз байланышта.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматында айтылгандай, элчилик Кыргызстандын жарандарын жашаган өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого чакырат.

Андан тышкары, чагымчылдыкка алдырбоого жана такталбаган маалыматтарды таратпоого, ошондой эле эл көп чогулган жерлерден алыс болууга жана жашаган жерден чыкпоого чакырат.

Учурда Украинанын аба мейкиндиги жабык, бардык аба каттамдары убактылуу токтотулду, ошондой эле, Россия жана Беларусь менен чек арадагы кургактыктан өткөрүү пункттары жабылды.

Кыргызстандын элчилиги Украинада болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып турат жана Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Киевде аккредиттелген чет мамлекеттердин элчиликтери менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча маселелерди иштеп чыгуу үчүн түз байланышта.

КР элчилигинде жарандар бардык суроолор боюнча кайрыла турган ишеним телефону иштейт.

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин телефондору: +380997573413, +380442370348, ошондой эле элчиликтин WhatsApp тиркемесиндеги маалыматка байкоо салгыла.

Министрликтин ыкчам номерлери: +996551312000, +996709983465