Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Ата районунун Кант шаарында жайгашкан  С.Тентишев атындагы Азия медициналык университетинде билим алып жаткан Пакистан өлкөсүнөн келген чет элдик жарандар менен жолугушуу өткөрүштү.

Кылмыштуулукту алдын алуу мүнөздөгү жыйындын жүрүшүндө ИИМдин КИББнын кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, анын ичинде кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузуулар үчүн жоопкерчилик жана бул өлкөнүн мыйзамдарын сактоо боюнча маалымат берилди.

ИИМдин КИББнын кумар оюндарына, чет элдик жарандарга каршы кылмыштарга жана адам сатууга каршы күрөштү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Чыңгызбек Иманалиев чет элдик студенттер менен маектешти.

ИИМдин КИББнын кызматкерлери, өлкөбүздөгү окуу жайлардын студенттери үчүн кесиптик билим алуу жана өсүү үчүн бардык зарыл шарттар, анын ичинде спорт жана маданий эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгилейт.

Азия медициналык институтунда 16 өлкөнүн жарандары билим алышат, анын ичинде Афганистан, Ливан, Сомали, Малайзия, Непал, Бангладеш, Ливия жана Нигерия мамлекеттеринин жарандары.

Кыргызстан меймандос жана толеранттуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат, бирок, азыркы коомдогудай эле, антисоциалдык көз караштагы ар кандай кылмыштарды жасаган адамдар дагы жок эмес. Бул ар кандай заманбап коомдун чындыгы, ал эми биздин өлкөбүз бул багытта четте калбайт.

Ички иштер органдары мыйзамдуулукту камсыз кылууну ишке ашырат жана коомдук коопсуздукту сактоо менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоп, кылмыштуулукка каршы күрөшүп келет. Чет өлкөлүк жарандарга каршы жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү маселелерине көп көңүл бурулууда.

Учурда чет өлкөлүк жарандарга каршы жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү маселелерине көп көңүл бурулуп келет.

Мыйзамды сыйлаган жарандар кылмыштын курмандыгы болуп жатканы тынчсызданууну жаратпай койбойт, бирок ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун саны өсүүдө, бул алгылыктуу тенденция эмес.

Ушуга байланыштуу кылмыштуулукту жана укук бузууларды жасоонун алдын алуу ички иштер органдарынын негизги милдети болуп келген жана болуп кала берет.

Чет элдик жарандарга каршы кылмыштардын көбү түн ичинде жасалганы белгиленет. Көптөгөн чет элдиктер кечки сааттарда шаарды кыдырууну артык көрүшөт. Милиция кызматкерлери быйылкы жылы жасалган тоноо боюнча 3 факты тууралуу айтып беришти, аларда жабыр тарткандар чет элдик студенттер.

Борбор калаада тоноо иш-аракеттери саат болжолуу 01.30 чамаларында, көчөлөр дээрлик ээн турган маалда жасалган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан аталган тоноочулукка байланыштуу 3 кылмыштын бети ачылган.

ИИМдин КИББнын кызматкерлери бир катар сунуштарды айтышты, алардын аткарылышы коопсуздукту камсыз кылууга жана жоопкерчиликти жогорулатууга жардам берет:

  • калкы аз жерлерде жалгыз баспоо;
  • мүмкүн болсо, түнкүсүн көчөлөрдө жүрүүдөн баш тартуу, акыркы чара катары такси кызматын пайдалануу;
  • коомдук жайларда акча же зер буюмдарды көрсөтпөңүз, алар ички чөнтөктө, капчыкта же башка коопсуз жерде сакталууга тийиш;
  • бейтааныш адамды коштоп жүрбөңүз жана аны ээрчип өз ыктыярың менен барбаңыз, же кимдир-бирөөнүн баштыгын албаңыз, анда тыюу салынган буюмдар же заттар болушу мүмкүн;
  • эл көп чогулган жерлерде этият болуңуз: базарларда, эл көп кезекте турган жерлерге ж.б. элдин арасында сумкаларды жана капчыктарды уурдаган адамдарга жолугуп калуу оңой;
  • банктан акча алгандан кийин чыгып кетүүдө акчаңызды эч кимге көрсөтпөңүз;
  • ичкиликти кыянаттык менен пайдаланбаңыз, чоочун адамдар менен спирт ичимдиктерин ичпеңиз;
  • үйгө чоочун адамдарды киргизбеңиз.

Мындай жолугушууларды өткөрүү студенттер арасында укук бузуулардын алдын алууга, маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга, чет өлкөлүк жарандардын өз укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана милдеттерин аткарууга таасир этет.

Коштошуп жатып, ИИМдин КИББнын кызматкерлери студенттердин окууларына ийгилик каалап, ар ким өзү тандаган кесиптин адиси болушуна тилектештигин билдиришти.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы