Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Мындан туура 30 жыл мурун 1992-жылы 26-февралында Ички иштер министрлигинде атайын багыттагы отряд түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп келүүдө.

Полктун атайын операциялар отрядынын өздүк курамы 1999-2000-жылдары республиканын түштүгүндө Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда бандиттик түзүлүштөрдү жок кылууда жана 2005, 2010-жылдары мамлекетибизде жана өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн башаламан окуяларда коомдук коопсуздукту камсыздоого активдүү катышып, өздөрүнүн кыраакылыгын, кесиптик даярдыгын жогорку деңгээлде аткарган.

Бүгүнкү күндө отряддын кызматкерлери эң бай кесиптик тажрыйбага ээ. Себиби атайын операциялар отрядынын кызматкерлери өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча жүздөгөн операцияларды ишке ашырган. Полктун атайын операциялар отряды аймактагы жасалган эң оор кылмыштардын бетин ачууда куралдуу кылмышкерлерди кармоо операциясын жүргүзүп тургандыктан, бул жакта ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарда аракеттене билген жогорку даярдыктагы кызматкерлер кызмат өтөшөт.

Ички иштер органдарын реформалоонун алкагында ички иштер министрлигинин 2018-жылдын 23-августундагы буйругунун негизинде тез чара көрүү отряды ИИМдин Атайын багыттагы полкунун карамагына өткөрүлүп, атайын операциялар отряды болуп өзгөртүлгөн.

Өздүк курамды кесиптик майрамы менен куттуктоого ички иштер министри Улан Ниязбеков, орун басары Октябрь Урмамбетов, Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, отставкадагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев, полктун командири Аскат Султаналиев, полктун мурдагы командири, ардагер Жамалдин Мурзаев, ИИМдин ардагери Токтогул Какчекеев, ардагерлер жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары келишти.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланды.

Андан кийин ички иштер министри кутуктоо сөзүндү “Бүгүн “Кыргыз милициясынын” ичиндеги баатырдыктын үлгүсү, кайраттуулуктун символу болгон “Атайын операциялар отрядынын 30 жылдык мааракесин” белгилеп жатабыз. Андыктан, ардагерлерди, кызмат учурунда курман болгон кесиптештерибиздин үй-бүлө мүчөлөрүн, бул ыйык кесипти аркалаган отряддын өздүк курамын 30 жылдык мааракеңиздер менен Ички иштер министрлигинин өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Эгемендүү мамлекетибиз менен бир куракта өсүп келе жаткан отряд, мындан 30 жыл мурун түзүлүп, элдин коопсуздугун ар түрдүү кылмыштуу кол салуулардан коргоп келген. Тилекке каршы, өзүңүздөргө белгилүү болгондой 30 жыл аралыгында 7 кызматкер эл үчүн, коомдун тынчтыгы үчүн курман болгон. Ал кызматкерлердин элестери эч качан унутулбайт жана жасап кеткен эрдиктери баарыбызга түбөлүк үлгү болуп кала берет.”, — деп Улан Ниязбеков.

Сөзүнүн соңунда, Ички иштер министри эң башкысы кандай гана учур, кандай гана кырдаал болбосун эртең менен үйдөн чыгып, кечинде аман-эсен үйгө кайтып барыңыздар. Бул айтылган сөздү насаат эмес, буйрук катары кабыл алыңыздар деп жыйынтыктады.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы