Коом

ТИМ: Кыргыздарды Украинадан алып чыгып кетүү багыты такталды

Украинадагы Кыргызстандын жарандарын чыгарып кетүү үчүн маршруттук багыт маселеси чечилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Украинадан чыгууну каалаган жарандар Венгрия аркылуу «Будапешт-Стамбул-Бишкек» багыты менен Кыргызстанга жөнөтүлөт. Анүчүн элчилик төмөнкүдөй талаптарды койду:

  1. Кыргыз жарандарынын Украинада мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документи болушу керек;
  2. Венгриядан транзиттик негизде өтөрүн далилдөө үчүн алдын ала сатып алган авиабилети болушу керек;
  3. Кыргызстандын жарандары өз каражатына унаа жалдап, венгер-украин чек арасындагы «Чоп» көзөмөлдөп өткөрүү постуна чейин келиши керек, ал жерден Венгриядага элчилик тосуп алып, аэропортко чейин узатып коёт.

Мындан тышкары Румыния өлкөсү менен сүйлөшүү жүрүп, ал жактан да алып кетүүгө кошумча каттам ачылганын кабарлады. Жарандарды чыгарып кетүү үчүн Бухарест аэропоту төмөнкүдөй талаптарды койгон:

  1. Кыргыз Республикасынын жарандары Украинадагы Черновцы шаарынын Школьная көчөсүндөгү Башкы консулдуктан (тел: +380372545434) транзиттик виза алууга же еviza.mae.ro. шилтемеси аркылуу электрондук виза алууга тийиш;
  2. Коронавирус жок экенин тастыктаган ПЧР-тести же эмдөөдөн өткөнү жөнүндө тастыктамасы болууга тийиш.

Көчүрүп кетүү тизмесине кирүүнү каалаган жарандар Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго  +380997573413; +380442370347 номерлери аркылуу кайрылса болот.

Ошол эле учурда Кыргызстандын ТИМи Украинада кырдаал кооптуу болуп тургандыктан, эгер ал жакта жашаган жери коопсуз болсо, жагдай тынчыганча эч жакка чыкпай эле турууну эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button