Коом

Баткенде элге үрп-адаттардын ысырапкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Баткенде элге үрп-адаттардын ысырапкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Бужум, Кара-Бак айылдарында Баткен РИИБнин башчысы Алмазбек Шагамурзаев айыл башчылары менен биргеликте жергиликтүү тургундарга президент Садыр Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан жарлыгын жеткирип, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Эл менен жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, куру намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.

Элет жергеси бул жарлыкты колдоорун, заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдөөнү үйрөнүү керек экендигин билдирип өтүштү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button