Бишкекте жылуулук берүү азырынча өчүрүлбөй турганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрияга жарандардан жылуулукту өчүрүү боюнча кайрылуу келип түшүүдө.

“Эшикте абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгондо гана жылуулук берүү токтотулат. Бүгүн түндө абанын температурасы нөлдөн төмөн болду. Мындан улам үй, мектеп, бала бакча, ооруканаларда жана башка социалдык мекемелерде жылуулукту өчүрүү эртелик кылат”, — деп айтылат маалыматта.