Коом
Эртең Мамлекеттик туу күнүн белгилөөнүн алкагында Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат
Эртең, 3-мартта Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында саат 6:00дөн 12:00гө чейин Мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чара өтөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түшкө чейин Чүй көчөсү Орозбековдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жана эски аянт — Абдумомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.
Кайгуул кызматы айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууга чакырат.