Эртең, 10-мартта Бишкектин бир катар конуштарында таза суу убактылуу жок болот. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу “Энесай”, “Дордой-1”, “Дордой-2” конуштарында саат 9:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт.

Ошондой эле бул аймактагы мектеп, бала бакча, мектепке чейинки мекеме, саламаттык сактоо уюму жана башка мекемелерде дагы суу жок болот.