Коом

Депутат Камила Талиева ломбард ачуу боюнча талаптарды күчөтүүнү сунуштады

 Депутат Камила Талиева ломбарддарга лицензия алуу боюнча талаптарды татаалдаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, күрөөканалар ачык эле сүткорлук менен алектенишет — алар үстөк пайызы менен кайтарып берүү шарты менен акча беришет.

«Республика боюнча 390 ломбард болсо, анын 157си Бишкек шаарында. Бюджетке канча салык түшөт? Ломбарддарды ким көзөмөлдөйт? Эмне үчүн күрөөканаларды түзүү жана ачуу шарттарын катаалдаштырбайсыңар? Айрымдары ЖЧК ачып, бирок алар күрөөканадай иштешет», — деди ал.

Камила Талиева ошондой эле “Акчамат” жана “Сомо” терминалдары аркылуу насыя берүү ишин көзөмөлгө алууну сунуштады. «Бул компаниялардын негиздөөчүлөрү чет өлкөлөрдө, Казакстанда, Латвияда, бул жерде алардын өкүлдөрү иштешет. Даттанууларга жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланганына карабастан, бул фирмалар жабылбайт. Алар мамлекетке бир тыйын да төлөшпөйт. Алардын проценттери 600—700 процентке жетет. Алардын айынан канча адам өмүрүн кыйды?!” — ал айтты.

Фракция Кыргыз Республикасында сүткорлукту чектөө боюнча мыйзамды ишке ашыруу чараларын кароодо.

Буга чейин Улуттук банк компаниянын жогорку баа саясатын жана жеке маалыматтарды туура сактоо боюнча маалыматтын жоктугун эске алып, жарандарды «Акчамат» терминалдарынан кыска мөөнөттүү насыя алууда этият болууга чакырган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button