Коом

Лейлекте ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча Садыр Жапаровдун Жарлыгы талкууланды. Сүрөт

Азыркы учурда жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгы кызуу талкууланып жатат. Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Лейлек районунда дагы Жарлыктан келип чыккан талаптарды аткаруу багытында бир топ иштер жүргүзүлүп, аким А.Рахманкуловдун жеке көзөмөлүнө алынган.

Атап айтсак, буга чейин аталган Жарлыкты ишке ашыруу бир нече жолу укук коргоо органдарынын, коомдук уюмдардын, диний уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен талкууланып келсе, 2022-жылдын 11-март күнү райондук Маданият үйүндө, айыл өкмөт башчыларынын, айыл башчыларынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, Аксакалдар, Аялдар кеңештеринин, жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын, коомдук активисттердин катышуусу менен жыйын өткөрүлдү.

Маселе өтө чон кызыгууну жаратып, 25тен ашуун адам өз ой-пикирлерин билдиришти. Жыйынды Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Рахманкулов алып барып, ажобуз тарабынан көтөрүлгөн маселе өтө маанилүү жана зарыл экендигин белгилеп, бир жумалык мөөнөттө элдин, коомчулуктун сунуш-пикирлерин иликтеп, райондук деңгээлде Жобону иштеп чыгып, областка сунуштоону жана аткарууга алууну тапшырды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button