Коом

Кыргызстандын коммерциялык банктары Орусиянын «Мир» карталарын тейлей алышат

Кыргызстандын коммерциялык банктары өздөрүнүн перифериялык түзүлүштөрүндө россиялык Мир системасынын төлөм карталарын тейлей алышат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдан бери «Мир» системасынын карталарынан «Элкарт» системасынын карталарына P2P акча которуу долбоору ишке ашырылууда. Коммерциялык банктардын банктык төлөм карталары бар кардарлары P2P которууларды же башка төлөм системаларын  жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кыргызстанда Орусиянын “Мир” төлөм системасы “Элкарт” төлөм системасы менен интеграцияланган.

«Коммерциялык банктар «Элкарт» системасынын карталарын контактсыз төлөм технологиясы менен («Элкарт NFC» / «Элкарт Бесконтакт») чыгарышат. Бул карталарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары «Мир» төлөм системасынын тармагында жана «Мир» системасынын өнөктөштөрү болгон төлөм системаларында тейлөөгө болот», — деп билдирди Улуттук банк.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button