Өткөн суткада Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши секундасына 28 кубометрге көбөйүп, секундасына 173 кубдан 201 куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 201 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 201 куб метрге жетүүдө. Суунун чыгымы 72 метр кубга көбөйүп, секундасына 218 метр кубдан 290 метр кубга жеткен.

2022-жылдын 16-мартына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 7 миллиард 933,09 миллион кубометрди түздү.