Коом

КРнын бардык ортомчу компаниялары «Кыргызстандын улуттук электр тармагына» биригет

Кыргызстандагы электр жарыгын бөлүштүрүүчү бардык компаниялар – «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ошэлектр» жана «Жалалабатэлектро» «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсына бириктирилет.

Компаниянын маалыматына таянсак, мындай чечим ушул ишембиде, 26-мартта, КУЭТ (орус., НЭСК) акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынат.

Акционерлердин жыйынынын күн тартибинде биринчи болуп «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектро» ААК жана «Жалалабатэлектро» ААКтарын «КУЭТ Кыргызстан» ААКга бириктирүү түрүндөгү кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу маселеси каралат.

Андан ары ар бир ортомчу компаниянын КУЭТке кошулуусу боюнча келишимдерди бекитүү каралат. Жыйындын күн тартибинде башка маселелер жок.

Белгилей кетсек, «Түндүк электр» ААК Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы бардык абоненттерди, «Чыгыш электр» ААК Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы абоненттерди, «Ошэлектро» Ош жана Баткен облустарындагы керектөөчүлөрдү, «Жалалабатэлектро» Жалал-Абад облусун электр жарыгы менен камсыздайт.

Маалымат

«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсы (КУЭТ) – Кыргызстандагы электр станцияларында өндүрүлгөн электр энергиясын жогорку вольттуу тармактар аркылуу ташуу боюнча жалгыз оператор болуп саналат. Компания Кыргызстандын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган оперативдүү-диспетчердик башкарууну ишке ашырган системалык оператор. КУЭТ 2001-жылдын 25-декабрында «Кыргызэнергону» кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн.

Булак: economist.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button