Коом

Министрлер кабинети өлкөгө импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майын салыктан бошотту

Кыргызстандын министрлер кабинетинин чечимине ылайык, өлкөгө импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди. Бул тууралуу кеңешмеде айтылды, — деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

«Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде 14 маселе каралды.

Тактап айтканда, салык карыздарын өндүрүү тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button