Коом

Камчыбек Ташиев: Коңшу өлкөгө 1 кг ун же кумшекер өтпөсүн, чек аралар көзөмөлдөнсүн

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн антикризистик чараларды бекитүү боюнча бүгүнкү жыйынында азык-түлүк коопсуздугун сактоо зарылдыгын айтты.

Ташиев өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу жаралбашы үчүн Экономика министрлиги реалдуу чараларды көрүшү керектигин айтып, чек ара жана бажы кызматтары аткезчиликтин алдын алуусун эскертти.

«Азыр кошуна өлкөдө ун биздегиден 1,5 эсе кымбат. Кумшекер дээрлик жок. Өсүмдүк майы да дефицит. Алар өздөрүн камсыздоо үчүн бизден ташып кетүүгө аракет кылышат. Ошондуктан көздү чоң ачып, Баткен облусундагы чек араны катуу карашыбыз керек. Аларга 1 кг ун же кумшекерди да өткөрбөйбүз. Айрыкча буга тиешелүү жетекчилер керт башы менен жооп берет», — деди УКМК төрагасы.

Ал ошондой эле Бажы кызматы начар иштеп жатканын айтып, айрыкча түштүктөгү бажы кызматынын иши канааттандырарлык эмес деп баалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button