Ырчы Анжелика 3 миллион катталуучусу бар  Instagram  аккаунтун саттыкка койду. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ырчы андан түшкөн акча Даун синдрому менен жабыркаган балдарга мектеп курууга жумшаларын айтат.

«Урматтуу катталуучуларым, мен сиздерди бир дагы тыйынга сатпайм. Тескерисинче, 1000 катталуучусу бар баракчам болсо дагы — мени чындап түшүнгөндөр менен жакшы сезимдеримди бөлүшкүм келет. Таарынбаңыздар, туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Бүгүнкү күндө 1-катталуучу — 1 сом экен. Менде эч кандай накруткасы жок 3 миллион!  3 миллион сомго кардар издеп, бирге саталы. Кыргызстандагы өзгөчө балдарга мектеп куруп берели!  Сатып, кургандан кийин азамат деңиздер. Азыр куруу иштерин акырындык мн баштоого максат коёлу»,- деп жазат ырчы.