Америкалык актёр Уилл Смит «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи учурунда алып баруучу Крис Рокту бетке чаап жиберди. Салтанат ABC телеканалы аркылуу көрсөтүлүп жаткан.

Маалыматка караганда,  Рок “Мыкты даректүү тасма” номинациясына талапкерлерди жарыялаган. Анда ал Уилл Смиттин жубайы Жейда Пинкетт Смиттин кыска чачы үчүн тамашалаган. Жубайынын аброюна шек келтирген Крис Рокко Смиттин жини келип, аны бетке чапкан.

Аталган аземдин уюштуруучулары үндү өчүрүп салганына карабай, Уилл Смиттин “Менин жубайыма тийишпе” деп кыйкырганы актердун мимикасынан окулуп калган.

Рок муну «телевидение тарыхындагы эң улуу түн» болгонун жарыялады, андан кийин салтанат кадимкидей уланган.

Белгиленгендей, Уилл Смиттин жубайы акыркы жылдары чачтын түшүшүнө алып келген алопеция оорусу менен жабыркап жүргөнү белгилүү болду.

https://www.youtube.com/watch?v=oLCWXwsh1YU&feature=emb_logo