Бишкекте аймактан келген журналисттер катышкан медиа-форум болуп өттү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алар менен сөз эркиндиги жана аймактагы медианын абалын “Govori TV” интернет порталынын “Майдан” көрсөтүүсүндө Кайыргуль Урумканова талкууга алды. Талкууга медиа-эксперт Аскер Сакыбаева, тележурналист Перизат Мамырова, ЖТРдин баш редактору Бактыкан Ажыматова катышты.

“Чектөө десе эле, сөз эркиндиги басмырланып калбайт, азыр мурдагыдай цензура жок”

— Бактыкан-эже, сөз эркиндиги чын эле басмырланып жатабы же биз өзүбүз жөн эле кооптонуп жатабызбы?

ЖТРдин улук редактору болуп иштейм. Журналистика тармагында 30 жылдан ашык эмгектенип келе жатам. Кыргызстандын башка кошуна мамлекеттерден өзгөчөлөнгөнү–бизде сөз эркиндиги бар. Сөз эркиндиги болгон үчүн оюбузду эркин айта алабыз. Негизи, ЖТР мамлекеттик саясатты чагылдырат. Эркин телеканалдар жана эркин массалык маалымат каражаттарына караганда, мамлекеттик телеканалдарда чектөө бар. Бирок чектөө десе эле сөз эркиндиги басмырланып калбайт. Айтайын дегеним, журналисттердин этикасы менен байланышкан чектен чыкпайбыз.

— Мамлекеттин саясатын чагылдырган убакта башка, оппозициялык маанайдагы материалдар чыгабы?

— Бизде баарын чектейт деп айталбайм. Мурдагыдай цензура деген жок. Шайлоо учурунда оппозициялык көз караштагы партиялар, талапкерлер шайлоо алдындагы платформасын ачык эле айтат. Биз чагылдырабыз.

Перизат Мамырова, Таластагы төртүнчү каналдын жетекчиси:

 

“Мыйзамга өзгөртүүлөр киргенине байланыштуу сөз эркиндигине чектөөлөр пайда болду”

— Таласта эки эркин канал бар.

Бири – Үчүнчү канал, экинчиси – Төртүнчү канал. Биздин каналда сөз эркиндиги бар. Биз элдин оюн так, ачык чагылдырабыз. Кайрылгандардын маселесин айтылган дарекке жеткиргенге аракет кылабыз.

— Журналисттер сөз эркиндигине кысым күчөдү деп жатат. Сиз ушуга кошуласызбы?

— Кошулам. Азыр мыйзамга өзгөртүүлөр киргенине байланыштуу кандайдыр бир чектөөлөр пайда болду. Бирок ал чектөөлөр бизге түздөн-түз келе элек. Былтыр 3-каналда эмгектенгенибизде сөз эркиндиги менен байланышкан кол салуулар болду. Октябрь окуяларында дагы айрым тараптардан коркутуулар болду.

Данияр Садиев, Оштогу Турсуналиев атындагы медиа-мектептин жетекчиси;

“Кыргызстанда маалыматтын чын-жалганын соттор эмес, инженерлер карап, сотко чейин эле чечим чыгарып коё турган жагдай жаралды”

— Данияр-мырза, сөз эркиндиги боюнча кысым Ошто да бар, укуктар корголбой жатат деп көп маселе көтөрөсүз. Ошол боюнча айтып кетсеңиз.

— Сөз эркиндиги менен ээн ооздук – экөөнү ажырата билишибиз керек. Себеби ээн ооздук да бар. Мен медиа уюмдарын мамлекеттик жана менчик деп экиге эмес, үчкө бөлөт элем.

Анткени мамлекеттик жана менчиктен башка акчалуу адамдардын же саясатчылардын эсебинен өзүнчө тиричилик кылган медиалар бар. Үчөөнүн редакциялык саясаты үч башка. Бирөөнүкү эркин болсо, саясатчылар же акчалуу адамдар түзгөн медиалар ээсинин алган багытына ылайык иш жүргүзөт.

Сөз эркиндигине болгон кысым боюнча айтсак, акыркы убактагы козголгон үч кылмыш иши деле сөз эркиндигине болгон мамиле өзгөрө баштаганын көрсөтүп жатат. Сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар менен азыр эч нерсе кылына электиги менен, сөз эркиндигине кысым жасагысы келген кишилердин позициясын күчөтүп жатат.

Фейктер менен байланыштуу кабыл алынган мыйзам боюнча министрлер кабинетинин мүчөлөрү арыз жазса, Минсвязь бир-эки күндө карап, арыз түшкөн медианы жаап коё алат экен. Тагыраагы, маалыматтын чын-жалганын соттор эмес, инженерлер карап, сотко чейин эле чечим чыгарып коё турган жагдай жаралды.

Бул мыйзамдын эң кооптуусу – соттун ишин Минсвязьга берип койду. Бул нерсе аймакка жетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Керек болсо, аймактан башталышы мүмкүн. Бул нерсе – өздөрү араң иштеп жаткан аймактык медиаларга “самоцензураны” күчөтүп коюшу толук мүмкүн.

Кээде журналисттердин көкүрөгү кайнап, бирок иштеген жеринин талабына ылайык айрым учурда көйгөйлүү маселелерди чыгара албай калат. Ал учурда андай материалды бири экинчисине берет. Бул жагынан сөз эркиндигине чектөө бар. Кыскасы, акыркы кездеги фактылар менен демилгенин баары сөз эркиндигине болгон басымды күчөтүп жатат.

Аскер Сакыбаева, медиа эксперт:

“Интернет мейкиндигин чектөө, ооздуктоо максатында жасалган аракеттердин баары сөз эркиндигин чектөө болот”

— Аскер-эже, мыкты журналисттердин сап башында турасыз. Бул маселени көп жылдан бери талдап, талкуулап жүрөсүз. Эмнеси менен мурдагы бийликтегилерге караганда азыркы бийликтин аракеттери сөз эркиндигине кооптуу жагдай жаратты?

— 25 жылдан ашык убакыттан бери медиа мейкиндикте келе жатам. Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин мезгилинде эле сөз эркиндиги жок, кысым болуп жатат, миллиондогон айыптарды мойнубузга илип жатат дечүбүз.

Мен өзүм башыман көп сот өткөргөн кишимин. Утулган же уткан жана эки тарап мунасага келген учурлар көп болгон. Ошол кезде коркунучту сезбей эле, сөз эркиндиги жок деп айтчу экенбиз.

Азыркы учур менен салыштырганда, сөз эркиндигине коркунуч чындап азыр жаралып жатат. Себеби, акыркы 10 жыл ичинде Кыргызстан парламенттик башкарууда жашап, бийликте чечим кабыл алчу жерлер сөз эркиндигине карата кескин чечимдерди кабыл албай, парламент эмне деп айтат экен, депутаттар эмне дейт экен деп ошол жакты карачу.

Азыр болсо фейктер боюнча мыйзамга үч ай боло электе үч массалык маалымат каражатына үч кылмыш иши козголгону – алардын иши тергөөдө экени, ал эмес, бүгүн эле Баш прокуратура массалык маалымат каражатынын биринин ишин экстремисттик деп чечим чыгарганын уктук.

Мунун баары сөз эркиндигине түздөн-түз коркунуч жаратат. Мунун баары Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусу менен түздөн-түз байланыштуу. Себеби, мамлекеттин тагдырына, сөз эркиндигине таасир этүүчү, чечим кабыл алуучу адамдар бир жерде болуп жатат. Ошон үчүн Кыргызстандагы көп мыйзамдар ревизиядан өтүп, керексиздери чыгарылып жатат.

Азыркы мамлекеттик башкарууга туура келбеген мыйзамдар оңдоодон өтүүдө. Мына ушул ревизиянын натыйжасында былтыр кабыл алынган жалган маалыматтарга каршы мыйзам азыр сөз эркиндигин муунта тургандай чоң коркунуч жаратууда.

Ушул мыйзамдын демилгечилери – алтынчы чакырылыштын эки депутаты болгон. Демилгечилердин бири Айнура Осмонова: «Бул мыйзам жарандарды колдоо үчүн, кандайдыр бир экстремисттик же баги зат сатуудан коргоо үчүн кабыл алып жатабыз”, – деп, коомчулукту тынчтандырган.

Бул мыйзам 5 пунктан турган чакан эле мыйзам. Ал бир эле нерсени көздөйт. Адамдын беделине, ишкерлигине шек келтиргендерди гана жоопкерчиликке тарттыра турган мыйзам. Кыргызстанда депутаттар, министрлер жана байлыгы менен бийлигине таянган адам гана беделиме шек келтирди деп сотко берет. Кыргызстанда илгертен эле беделиме шек келтирди деп сотко берип келишкен.

Чынында, Кыргызстанда журналистикага тиешелүү эң жакшы мыйзамдарыбыз бар. Ошондой эле, Жарандык кодекс дагы биздин мыйзамсыз кыймыл-аракеттерибизди жөнгө салып турат. Анын баары иштейт. Ошого карабай, интернет мейкиндигин чектөө жана ооздуктоо максатында жасалган мындай аракеттер сөз эркиндигин чектөө болот.

Бүгүн кайгылуу статистиканы уктук. Ушул кезге чейин Кыргызстан сөз эркиндигинин абалы боюнча 79-орунда болсо, азыр андан да төмөндөп кетиптирбиз. Жарым-жартылай эркиндик бар деген мамлекеттердин катарында турчу экенбиз. Азыр болсо, сөз эркиндиги жок деген мамлекеттердин катарына түшүп жатабыз.

Биздин бийликтегилер ушундай мыйзам кабыл алып, ал мыйзамды иштетиш үчүн министрлер кабинети жоболорду кабыл алыптыр. Авторитеттүү юридикалык клиникалардын изилдеп чыкканы боюнча ал жоболор көп нерсеге каршы келет экен.

Биринчи кезекте – Баш мыйзамыбызга каршы келген беренелери көп экен. Экинчиден, эл аралык деңгээлде кабыл алынган мыйзамдарга жана милдеттемелерибизге каршы келет экен. Аткаруу бийлиги баарына каршы келген мыйзамды иштетебиз деп катуу аракет кылып жатат.

Бирок мындай аракеттер буга чейинки бийликтин учурунда да болгон. Соттон утулуп, жабылууга аргасыз болсо да, журналисттердин оозун жаба алышкан эмес. Бир медианы жапса, экинчисин ачып алып иштетишкен. Бир-эки журналисттин гана оозун жабышы мүмкүн. Бирок,баардык журналисттердин оозун жаба алышпайт. Кыргызда: “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, – деп айтылат эмеспи. Анын сыңарындай, Кыргызстандын басып өткөн жолунан сабак алсак жакшы болмок.

Булак: NazarNews.kg