Коом
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүрүүдө
29-марттан 4-апрелге чейин Бишкек — Ош жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолдорунда атайылап кар көчкүлөрдү түшүрүү иши жүрөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондорунда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-255 жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунун 1-14 чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралгандыктан, артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүлөр түшүрүлөт.
Эскерте кетсек, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.