Коом

Ош шаарына 5 жаңы өрт өчүрүүчү унаа берилди

Бүгүн, 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына жаңы өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, калаанын борбордук аянтында атайын унааларды кабыл алуу болуп, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Жунус Жумабаев жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Бул өрт өчүрүүчү унаалар шаар аймагындагы өрткө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында Кыргызстанга 58 даана өрт өчүрүүчү унаалар алынып келингени маалымдалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button