Коом

Токторбаев: Тоо кен иштеткен компанияларда 25 % мамлекеттин үлүшү болгондо, бюджетке млрддаган сом түшмөк

 Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Кыргызстандагы алтын өндүрүүчү компаниялар менен түзүлгөн лицензиялык келишимдери тууралуу доклад жасады.

Анын айтымында, баардык тоо кен иштеткен компанияларда, жок дегенде 25 % мамлекеттин үлүшү болгондо, бюджетке млрддаган сомдор кошумча түшмөк.

“Урматтуу депутаттар, урматтуу Төрага!

Мен, мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүдө, үч негизги тармакты белгилеп кетким келет. Булар: тоо кен өндүрүшү, энергетика тармагы жана айыл чарба тармагы экендиги баарыбызга белгилүү.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү катары,  катары, Мага, Кумтөр кени мамлекетке кайтарылгандан кийин 2021-жылы 14 тонна 561 кг. алтын өндүрүлүп, алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн АКШ долларын түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн АКШ доллары түшкөндүгү түрткү болду. Компания 2021-жылы бюджетке 13,6 млрд сом суммасындагы каражатты салыктар жана милдеттүү төлөмдөр үчүн которгон.

Мамлекетибиздеги Кумтөрдөн кийин алтындын запасы көп бул Талас облусундагы 105 тонна запасы бар “Жерүй” кени. Кенде алтындан сырткары күмүш, алюминий ж.б. баалуу металдар бар. Бул кен болгону 100 млн долларга сатылып кеткен. 100 млн доллар 1,5 тонна алтындын баасын түзөт.

Лондон биржасындагы бир унция алтындын баасы 2 миң доллар экенин эске алсак, “Жерүй” кенининдеги алтындын запасы 6,5 млрд долларды түзүп, өзүнүн наркынан 65 эсе арзан сатылган. Алтынды казуудан түшкөн акча жеке компаниянын чөнтөгүндө калып жатат. Мамлекеттин үлүшү тап-такыр жок.

Ушундай изилдөөлөрдүн негизинде Вертекс Голд Компаниянын иш-аракетине токтолуп кетейин. Бул компания 11 жылда мамлекетке 3 млрд 367 млн 800 сом, же 33 млн доллар салык төлөгөн. Кыргызстандан алып чыгып кеткен алтындын көлөмү 5 тонна 789 килограммды түзөт. Такталбаган маалымат боюнча, ал жерде 30 тонаннын тегерегинде алтындын запасы бар. Лондон биржасында, азыркы күнгө алтындын бир унциясы 2 миң доллар экендигин эске алсак, алып чыгып кеткен алтындын суммасы 365 млн доллардын тегерегинде болуп, мамлекетке төлөгөн салыктан 10 эсеге көп каражат табышкан. Эгерде бул компанияда мамлекеттин үлүшү жок дегенде 25 % болгондо, мамлекеттин бюджетине 100 млн доллардын тегергиндеги каражат түшмөк.

Республиканын райондорунда жайгашкан, алтын кендерин иштетип жаткан компаниялардын иш аракеттерин, лицензиялык келишимдерин изилдеп чыкканда, мамлекеттин кызыкчылыктары тап такыр каралбай калгандыгы аныкталды. Мындай компанияларга Ала-Бука районунда: “КАЗ Минералз Бозымчак”, “Иштамберди”, “Иштамберди восточный” кендери, Чаткал районунда, “Вертекс Голд Компани”, “Чаарат”, “Чаарат Тулкубаш”, “Кичи-Чаарат” “Эти Бакыр Терексай” кендери, Кемин районунда “Куранды жайлоо”, “Талдыбулак Левобережный” (Алтынкен) кени, Кадамжай районунда “Шамбесай” кендери кирет.

Ал эми, Чаткалдагы “Эти Бакыр Терексай” компаниясында Кыргызстандын 25 % үлүшү, Кеминдеги “Алтынкен” компаниясында Кыргызстандын 40% үлүшү бар экендиги аныкталды. Бул жерде айтып койчу нерсе, жергиликтүү элдин койгон талаптары чоң ролду ойногон.

Урматтуу депутаттар,

“Эти Бакыр Терексайдын” мисалында, баардык тоо кен иштеткен компанияларда, жок дегенде 25 % мамлекеттин үлүшү болгондо, бюджетке млрддаган сомдор кошумча түшмөк. Дүйнөлүк кен иштетүүчү тармактарда мамлекеттин үлүшү сөзсүз түрдө бар болгондугу, талашсыз көрүнүш экендиги белгилүү. Менин изилдөөм боюнча башка мамлекеттерде (Орусия, Өзбекистан, Казакстан ж.б.) мамлекеттин үлүшү 30 %тен 50%ке чейин экендигин тактадым.

Мисал катары Венесуела мамлекетин алсак болот. Уго Чавес бийликке келгенде МУНАЙ КЕНДЕРИН УЛУТТАШТЫРУУ жөнүндөгү жарлыгы чыккан. Жарлыкка ылайык чет элдик компаниялардын алдына, 2007-жылдын 1-майына чейин, акциялардын 60% мамлекеттик үлүш болуп, биргелешкен ишканаларды түзүү керектиги, же өлкөдөн чыгып кетүү тандоосу коюлган.

Ошондо, Америкалык (Эксон Мобайл, Коноко Филипс) компаниялары, француздардын (Тотал) жана Англиянын (Бритиш Петролиум) компаниялары ошол указдагы шартка макул болушуп, жумуш аткарып келишкен.

Эсептөолөр боюнча Венесуэлладагы мунайдын запасы 300 миллиард баррельдин тегерегин тузүп, дүйнөдөгү эң чоң запасы бар өлкөлөрдүн катарына кирет.

Ушундай эле көрүнүштү 1993-1995 жылдары кошуна Өзбекстандагы “Навои” алтын кенин иштетүүдөгү келишимди белгилесек болот. Бул жерде мамлекеттин үлүшү (продукция түрүндө) 30% түзгөн.

Жогоруда келтирилген фактылардын негизинде, мамлекеттик үлүшү жок тоо кен компанияларынын лицензиялык келишимдерин САЯСИЙ ЭРК менен кайра карап чыгып, мамлекеттин үлүшүн так көрсөтүлүшүн сунуш кыламын, ошондо мамлекеттин бюджетин толтурууда чоң салым кошулмак.

Урматтуу Төрага,

Аталган маселени Министрлер Кабинетине протоколдук тапшырма берип, бир айдын ичинде Парламентке аткарылышын маалымдоосун сунуш кыламын.

Эгер, Министрлер Кабинети аталган мөөнөттө маселени оң жагына чече албаса Жогорку Кеңеште Комиссия түзүлүп иш алып барсак туура болот деген ойду айткым келет», — дейт эл өкүлү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button