КоомСпорт

Бишкекте 3-апрелде велосезондун ачылышы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде борбор калаада велосезону ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Сезондун ачылышын борбор калаанын мэриясы “Вело friends позитив kg” коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаардык кеңешинин көмөгү менен уюштурууда.

Иш-чаранын программасында веложарыш, сынактар, суусундуктар жана белектер камтылган.

Бардык катталган велосипедчилер демөөрчүлөрдүн байгелерин ойнотууга катыша алат.

Чогулуш пункту саат 09:00 Д.Асанов атындагы паркта (Байтик Баатыр/Масалиев).
— 09:00 — 09:45 — катышуучуларды каттоо (16 жаштан жогору катталуу!)
— 09:45 — Веложүрүштүн катышуучуларын түзүү
— 10:00 — Д.Асанов атындагы сейил багынан Асанбай кичи районуна чейин жана артка
— 10:30 — Финишке келүү (Д. Асанов атындагы сейил багы (Түштүк дарбаза)
— 11:00 — 13:30 — Салтанаттуу жана көңүл ачуучу бөлүктөрү. Жыйынтыктоо, иш-чаранын жабылышы.

Бишкек мэриясы бардык каалаган жарандарды Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган “Сергек жашоо – Дени сак муун” ураанын алдында веложүрүшкө чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button