Украинанын президенти Володимир Зеленський Telegram аркылуу элге видео кайрылуу жасады.  Анда өлкө башчысы  Украина мындан ары чет элдик өнөктөштөрдүн кооз убадаларына ишенбей турганын айтты.

«Биз эч кимге ишенбейбиз. Эң негизгиси биз мындан ары кооз сөздөргө ишенбейбиз. Украина эч нерседен баш тартпайт. Биз жерибиздин ар бир метри үчүн, ар бир адам үчүн күрөшөбүз”, — деди Зеленський.

Ошондой эле Зеленський кайрылуусунда Орусия менен кырдаал курчуп жаткандыктан Украина эч бир талабынан баш тартууга ниети жок экенин билдирди.