Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, ал күнөөлүү деп табылып, 4 миллион сом айыпка жыгылган. Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлгөн.

Эске салсак, Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгон. 2021-жылдын январь айынан бери УКМКнын мурдагы төрагасы камакта. 2022-жылдын март айында атайын кызматтын мурдагы жетекчисине туруксуз ангина жана калкан безинин рагы диагнозу коюлган.