Коом

Эмил Жамгырчиев: Балыкчы Кочкор жолунун салынышы элге  пайда келтирген чоң  долбоор

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев «Kadam-media.kg» маалымат порталына курулуп жаткан Балыкчы-Кочкор темир жолу тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, темир жол тармагынын көзгө көрүнбөгөн жакшы жактары арбын.

«Бишкек-Кара-Кече-Балыкчы темир жолунун салынышын толук колдойбуз. Өзүңүздөргө маалым болгондой, дүйнө жүзүндө темир жол тармагы эң коопсуз, экономикалык жактан ыңгайлуу каттамдарынын бири болуп эсептелет. Бул биздин логистикада чоң мааниге ээ болушу толук мүмкүн. Себеби, товардын баа түзүмүндө, логистика, сапат ылдамдык, көлөм чоң роль ойнойт. Темир жол тармагы бааны арзан алып келүүгө жол түзүп берет. Экологияга да жакшы. Негизинен Кыргызстанда көптөн бери темир жол салынмак тургай азайып кеткени бул факт. Ошондуктан биз темир жолун толук колдойбуз, колдон келишинче мындан ары жогорку сапатта темир жолду курууга шарт түзүү керекпиз. Азыркы кымбатчылык жүрүп жаткан учурда биз эң арзан жолду тандоо керекпиз. Темир жолдун салынышы биринчиден элге  пайда келтирген чоң  долбоор. Экономикалык жагынан тышкары  карап көрсөк да   артыкчылыгы көп. Мисалы, жолдор бузулмак эмес. Азыр, элибиз ушул жол азабын тартып жатпайбы. Жанагы жүк ташыган чоң камаздарды эми вагондор менен алмаштырабыз. Кышкысын карапайым элге дагы арзан көмүр уюштуруп бере алабыз. Ушул сыяктуу көзгө көрүнбөгөн жакшы жактары аз эмес. Жол кырсыктары дагы азайып калмак беле. Себеби, камаздардын асман сапырган чаңы бир нече жол кырсыктарын жараткан окуялар бар. Мындай стратегиялык мааниси бар ишти кантип колдобойбуз», — дейт эл өкүлү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button