Коом

Улукбек Маматаев: «Кумтөрдүн мамлекетке өткөнүн биз оппозиция да кубаттап жатабыз»

«Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаев «Kadam-media.kg» маалыматтык порталына Кумтөр кенинин Кыргызстандын карамагына толук өткөнүү тууралуу өз оюн билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдүн мамлекетке өткөнүн оппозиция да кубаттап жатат.

«Президент кечээ Кумтөр толугу менен мамлекетке өттү деп жар салды. Мен да аябай сүйүнүп жатам . Бирок сүйлөшүүлөр кандай болду,  кандай шарттар менен мамлекетке өттү, уулу заттардын калдыктары боюнча ким кепилдик алды деген толгон токой суроолор бар. Ушуларды эле орду менен элге ачык айтып отчёт берип койсо жаман эмес го деп ойлойм. Кумтөр негизи эле бул биздин Кыргызстандын көйгөйү болуп келе жатат бир канча жылдан бери. Акаев Канадалык ишкерлерге бергенден бери чыры бүтпөй революциянын себептеринин бири болуп келе жаткан. Мейли эми бардыгы элге пайда алып келген болсо, эч кимдин ага каршылыгы жок болчу. Тилекке каршы Кумтөр кийинки жылдары талшка айланып калды. Баарыбыз айтып чыксак эле оппозицияны кыйнап куугунтуктап келишти. Бул Бакиев учурунда деле, Атамбаев учурунда деле айткан киши эле балээге калган болуп келди.

Мына азыр Садыр Жапаров өзү Кумтөрдүн толкуну менен анын көйгөйүн көтөрүп жүрүп президент болду. Эми мындан ары эмне кылат деген эл арасында суроо пайда болот. Элге «Кумтөр элге өттү» деген менен мындан ары Кумтөр боюнча иштеген комиссия кийинки иштери тууралуу маалымат берсе жакшы болот. Кумтөрдүн мамлекетке өткөнүн биз оппозиция дагы кубаттап жатабыз.

Келечекте калдыктар, уулуу  заттар элге зыяны тийбеби деген суроолорго деталдуу түрдө жооп берип койсо. Биз жакында жыйын өткөрөлү деп турабыз, ушул жыйында биринчи кезекте Кумтөр боюнча карайлы деп турабыз. Эл ойлогондой, эл күткөндөй жыйынтык болсо экен деп биз оппозиция  да күтүп жатабыз.  Оппозиция бийликке дос болот, чындыкты айтабыз, бизди душман катары кабылдоонун кажети жок», — дейт Улукбек Маматаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button