Саясат
Садыр Жапаров: Бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөт
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөрүн эскертти.
«Урматтуу кыргызстандыктар!
11-апрелден баштап бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөт. Жолугушууга барып, көйгөйлүү маселелериңерди жеринде чечип алсаңыздар болот», — деген мамлекет башчысы.